Сыймык Жапыкеевдин оорусу күчөп жатат
RU

Сыймык Жапыкеевдин оорусу күчөп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь окуяларынын катышуучусу, Сыймык Жапыкеев Facebook'ка өзүнүн ден соолугу тууралуу пост жазган.

Ал элим үчүн "даканса" туруп берем, деп жазып, саясаттан убактылуу чыкканын ден соолугуна байланыштырды.

"Достор мени жоготпогула, мен элим үчүн "даканса" туруп бергем, Чоң Казат өз милдетин аткарды. Меники сахар күчөп, буттар ооруп, чарчап жатат, кэде "отказ" берип атат. Мен не до политики болуп жүрөм. Элимдин астында жүзүм жарык. Элиме чоң ыразычылык билдирем.

30 жыл Кыргызстанды мен чөгөлөткөнсүп, мен өлкөнү талкалагансып, "продуктыга" бааны мен көтөргөнсүп мени жемелешкендер аман болушсун.

Кудай буюрса ден соолукту чындап анан мамлекетке, элге ак кызмат кылганга даярбыз", - деп саясатчы жазган.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев өткөн жылы октябрь айындагы митингдин кызуу катышуучусу. Ал митингдердин натыйжасында Кыргызстанда бийлик алмашты. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Жапыкеев финполицияны башкарды. Бир нече айдан кийин ведомоство жоюлуп, Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды. Ал бир канча убакыт Ысык-Көл прокуратурасын башкарып, бирок апрелдин аягында отставкага кеткен болчу. Учурда ал мурункудай активдүү эмес, анда-санда эле интервью берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2618