"Орёл и решка" кайрадан Кыргызстанга келишти! Эфирге күзүндө чыгат экен
RU

"Орёл и решка" кайрадан Кыргызстанга келишти! Эфирге күзүндө чыгат экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Июль айында "Орёл и решка" россиялык программанын командасы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарына барып келди. Тартуу процесси 1-июлдан 17-июлга чейин жүрөт, деп Экономика министрлигине караштуу туризм департаменти билдирди.

Чыгарылыштын мазмуну азырынча сыр болуп турат. Программанын биздин мамлекет тууралуу көрсөтүүсү күзүндө чыгат.

Эске салсак, 2013-жылы бул программа Бишкекке келип кеткен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2621