Жаңы жылдык белек: Бизнесмен бир нече абитуриенттин чет өлкөдөгү окуусун төлөдү
RU

Жаңы жылдык белек: Бизнесмен бир нече абитуриенттин чет өлкөдөгү окуусун төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык жаш ишкер Бекназар Асанов бир нече абитуриенттердин АКШ жана башка өлкөлөрдөгү окуусуна каражат бөлуп берди. Бул алар үчүн жаңы жылдык белек болду.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрдүн арасында сынак өткөрүлгөн. Тандалган окуучулар АКШ, Сингапур, Корея, Кытай жана Малайзия өлкөлөрүндө жогорку билим алышат.

Сынкты төмөнкүлөр жеңишкен:

Керимов Чолпонбек.

Сапарбаев Шайырбек.

Майрамбек уулу Уран.

Тилебалдиев Чынгыз.

Мырзабекова Айым.

Бекмурзаева Айнура.

Чет өлкөлүк окуу жайда окуунун контрагын төлөөнүн негизги шарты, окуу бүткөндөн кийин кайра мекенине кайтып келүү болду. Алар алган билимин Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонушу керек.

Асанов контрактыларды төлөгөнгө канча каражат кеткенин айткысы келген жок. Мындай көрүнүш башка ишкерлер үчүн салтка айлана турганына ишенгенин айтты.

"Сапаттуу билим - бул келечекке болгон эң эффективдүү инвестиция. Ошондуктан мен биздин бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөдөгү окуусун каржылоону чечтим. Келечекте алар өз билимин биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багыттайт, деп үмүттөнөм", - деди ал.

Асанов Бекназар Кыргызстандан Россия, Казакстан жана Прибалтика өлкөлөрүнө как (кургатылган мөмө жемиш) экспорттойт. Экономика министрлиги тарабынан "Мыкты жаш ишкер" номинациясына татыктуу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/262