Тажикстан талибдерден качып келген 345 этникалык кыргызды кайра Афганистанга кайтарды
RU

Тажикстан талибдерден качып келген 345 этникалык кыргызды кайра Афганистанга кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын ЖМКлары өлкөнүн УКМКсына шилтеме берип жазышты.

Маалыматка ылайык, алардын коопсуздугуна ооган өкмөтү кепилдик бергенден кийин көчүрүлдү.

Соңку жумаларда "Талибан" кыймылы Афганистандагы бир нече аймакты, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен райондорду өз карамагына алган. Мындан улам жарандар, аскерлер коңшу өлкөлөргө качып кирип жатышат.

13-14-июль күндөрү Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздар Кызыл-Рабат айылындагы Чоштеп жана Дуйтук участогуна жайгаштырылган. "Ховар" агенттиги аларга убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече берилип, медициналык кызмат көрсөтүлгөнүн билдирген.

15-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканын жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2656