УКМКнын кызматкерлери менчик үйдө ири майнинг ферманы аныкташты
RU

УКМКнын кызматкерлери менчик үйдө ири майнинг ферманы аныкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомоствонун басма соз кызматы маалымдады.

Энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жана республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алып, электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны Б.Т.Б. 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.

Б.Т.Б. мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, майнинг-фермасынын жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2666