Садыр Жапаров табигый кырсыктарды алдын алуу иш чараларды күчөтүүнү тапшырды
RU

Садыр Жапаров табигый кырсыктарды алдын алуу иш чараларды күчөтүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар - сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2668