Жыл башынан бери мигранттар рекорддук суммадагы акча которууларды жасашкан (инфографика)
RU

Жыл башынан бери мигранттар рекорддук суммадагы акча которууларды жасашкан (инфографика)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жыл ичи кыргызстандык мигранттар мекенине рекорддук суммадагы $986,31 млн акча которушкан. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу $287,11 миллионго көбүрөөк. 2020-жылдын көрсөткүчүнө коронавирустун пандемиясы катуу таасирин тийгизген. Учурда өнөктөш мамлекеттерде чектөөлөр кыйла солгундады.

Бул рекорддук көрсөткүч, анткени мурунку жылдары мигранттар салыштырмалуу азыраак жөнөтүшчү.

Мигранттык акча которуулар боюнча белгилүү болгондой Россия биринчи орунда турат - $965,81 млн, алыскы чет мамлекеттерден - $ 20,5 млн которулса, коңшу Казакстандан жыл сайын - $ 2,35 млн которулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2670