"Панораманын" этегинде аялдын жансыз денеси табылды
RU

"Панораманын" этегинде аялдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Панорамадан" бир аял секирип, дароо каза болгон. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 20-июлда, жергиликтүү тургундар тоонун этегинен 30-35 жаш курактагы белгисиз аялдын жансыз денесин табышкан. Алдан ала берилген маалымат боюнча, ал Аламүдүн районундагы "Панормамадан" секирип, өз жанын кыйган.

Чүй облусунун ОИИБси, кечээ 20-июлда, Көк-Жар айылынын тургундары саат 06:00до телефон чалып, белгисиз аялдын денесин таап алышканын билдиришкен. Ал бийиктиктен өз боюн таштаган.

Каза болгон аялдын өздүгү аныктала элек. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иши башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2672