Токтайым Үмөталиева эмне үчүн министрге массаж жасап бергенин түшүндүрдү
RU

Токтайым Үмөталиева эмне үчүн министрге массаж жасап бергенин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтайым Үмөталиева Kaktus.media'га эмне үчүн юстиция министри Асел Чыныбаевага Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны учурунда массаж жасап отурганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, министр жакында эле пневмониядан айыккан. Анын кесчепети дагы деле кыйнап жатыптыр.

"Министр жыйынга келген. Маска кийип отургандыктан, дем жетпей, жөтөлүп, кубара баштады. Мен сыртка чыгуунун сунуштасам, чыга албайм деп баш тартты. Анда организмин тонуска келтирип, өпкөсүн кайрадан иштетүү үчүн масканы чечип салып, ооруган чекиттерге дренаж жасап баштадым. ПТУда окуп жүргөндө биринчи медициналык жардам көрсөткөндү үйрөтүшкөн да", - деп Үмөталиева айтып берди.

Андан кийин, ырас, Мирлан Жеенчороев суу алып келип берди.

Эске салсак, бүгүн, 21-июлда, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитетинин мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент маселелери тууралуу жыйыны өттү. Депутаттар экинчи окууда Баткен облусуна статус берүү мыйзам долбоорун карап жатканда, жыйында отурган Токтайым Үмөталиева жанында отурган айымга массаж жасап берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2675