Генералдык прокуратура үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилгендигин аныктады
RU

Генералдык прокуратура үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилгендигин аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Москва райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Атап айтканда, 1995-1997-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Александровка айыл өкмөтүнүн жана "Дружба" айыл-чарба өндүрүш кооперативинин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгынын талаптарын бузуу менен сатылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Москва РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылган. Ошондой эле, аталган бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу максатында

Чүй облусунун административдик сотуна жана Москва райондук сотуна Москва райондук мамлекеттик администрациясынын, Александровка айыл өкмөтүнүн буйруктарын жана бала бакчаларды сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө алты доо арыз келтирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/268