Өмүрбек Текебаев өзүнүн партиясына Тилек Токтогазиевди кабыл алды
RU

Өмүрбек Текебаев өзүнүн партиясына Тилек Токтогазиевди кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-министр Тилек Токтогазеив "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү болду. Бүгүн, 23-июлда, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев ага тиешелүү күбөлүгун тапшырды.

Токтогазиев "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү болгонуна абдан сыймыктанып жатканын билдирди. Анын айтымында, "бул Кыргызстандагы эң биринчи жана эң күчтүү партиялардын бири, ал Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин режими менен күрөшкөн".

"Тарапташтарына көп ирет сын айтылганы менен партия жеке позициясын бекем сактап, демократия үчүн күрөшүп келген", - деди ал.

Мен үчүн бул өзгөчө күн. Туулган күндөр болот, үйлөнгөн күн болот. Мен үчүн бүгүнкү күндүн мааниси ошондой күндөргө тете, символикалуу.

Текебаев өз кезегинде, Токтогазиевдин өлкөнүн саясий жашоосуна активдүү катышып, октябрь революциясынын лидерлеринин бири болгонун, андан кийин айыл-чарба министри кызматын аркалаганын белгиледи.

"Эми ал өзүнүн саясий турмушун биздин партия менен байланыштууруну чечти. Ал өзүнүн 30 жылдын өмүрүн "Ата Мекенге" арнаганга даяр экенин айтты", - деп Текебаев баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2694