Селден кийинки Баткендеги үйлөрдүн абалы. Фото
RU

Селден кийинки Баткендеги үйлөрдүн абалы. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир күн мурда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районундагы бир нече айылдарда сел жүргөн. Лейлек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек Жапаров сел суулары каптаган, зыянга учураган турак үйлөрдүн сүрөттөрү менен бөлүштү. Андан ылай аралашкан суу бөлмөлөрдү каптаганын, короонун алдына шагыл аралаш топурак топтолуп калганын көрүүгө болот. Бул тууралуу super.kg жазды.

Кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөнү маалымдалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ак-Терек айылында 25 турак үй, 1 мектеп, 1 бала бакча жана 1 мечиттин короосу, ички чарбалык унаа жолдор зыянга учураганын кабарлашты. Бүгүнкү күндө селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2695