Түркияда Орхан Инанды 22,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
RU

Түркияда Орхан Инанды 22,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анкара Башкы прокуратурасы "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны 22,5 жылга эркинен ажыратууну талап кылып жатат, деп билдирди Түркиянын Анадолу мамлекеттик агенттиги.

Башкы прокуратура Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарган" деп айыптоодо. Бул үчүн 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Прокуратура мүмкүн болгон максималдуу жазанын берилишин талап кылды.

Анкара Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык, Террористтик кылмыштарды тергөө бюросу тарабынан даярдалган айыптоо корутундусу Милдеттүү кылмыш сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда президент Эрдоган Түркиянын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнүн жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2696