Балбак Түлөбаев качантан баштап Бишкектин мектептери иштей турганын айтты
RU

Балбак Түлөбаев качантан баштап Бишкектин мектептери иштей турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептер этап-этабы менен 15-январдан тартып ачыла башташат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда жыйынтыктоочу пресс-конференция учурунда борбордун мэринин м.а. Балбак Түлөбаев айтты.

Эгер эпидемиялык кырдаал туруктуу болсо, бардык бала бакчалар жана мектептер 2021-жылдын 1-февралынан тарта ишин жандандырышат, деп белгиледи Түлөбаев.

"15-январдан тартып жогорку класстын окуучулары окуусун башташы мүмкүн. Андан кийин этап-этабы менен башка мектептерди да ачабыз. Региондорду байкаш керек. Билесиңер да, англиялык штамм жаштарды чаап жатканын. Биз абдан этият болушубуз керек", - деп түшүндүрдү ал.

Учурда вице-мэр Айжан Чыныбаева эпидемиологдор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен окуу жайларды ачуу маселеси боюнча итштеп жатат, деп Түлөбаев сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/269