Бишкек шаарынын тургуну каржы пирамидасына инвестиция салып, 46 миң доллар жоготту.
RU

Бишкек шаарынын тургуну каржы пирамидасына инвестиция салып, 46 миң доллар жоготту.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криминалдык милиция кызматкерлери ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

21-июлда борбордун тургуну А.З., Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Г. жана А аттуу чала тааныш адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, анын айтымында, 2020-жылдан 2021-жылдын июль айына чейин Турусбеков көчөсүндө жайгашкан кеңседе алар FINIKO каржылык пирамидасын түзүшкөн. Жабырлануучунун айтымында, ишеним көбөйүп, алдамчылык жол менен акча көбөйтүп жатабыз деген шылтоо менен алар 46 миң долларды ээлеп алышкан, анан убадасын аткарбай, качып кетишкен.

Бул факт Ленин РИИБнин кылмыштар тизмесине тиркелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 214 "Финансылык пирамидаларды уюштуруу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1985-жылы туулган Б.Г жана В.А кармалды. Алар тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ИВСине жайгаштырылды. Ленин райондук соту аларды Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга жөнөттү.

Мындан тышкары, дагы төрт жабырлануучу Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылышкан, келтирилген чыгым такталууда. Ыкчам кызматкерлер кармалгандардын башка кылмыш фактыларына катыштыгын иликтөөдө.

Жабырлануучулардан жана кармалгандар жөнүндө бир нерсе билгендерден 0312 35 29 47, 0312 65 44 94, 0708 83 49 25, 0708 83 49 25, 0707 77 55 57, 0501 80 13 80 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2719