Президенттик шайлоонун жана референдумдун бюллетендери ар башка болот
RU

Президенттик шайлоонун жана референдумдун бюллетендери ар башка болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алдыдагы президенттик шайлоо жана референдумду өткөрүү тартиби тууралуу айтып берди.

Ар бир шайлоочуга экиден бюллетень берилет, алар бири-биринен өңү менен айырмаланып турат.

Башкача айтканда, бюллетенджер ар башка болот. Шайлоо участкасында добуш берүүчү жаран идентификациядан өткөндөн кийин колуна эки чек алат. Ал чектерди эки бюллетенге алмаштырат: бирөөсү - президенттик шайлоонуку, экинчиси - референдумдуку.

"Бюллетенге бир гана талапкердин тушуна белги коюу керек. Эгер "галочка" сыртка чыгып кеткен болсо, четтери чийилип калса, же бир нече пунктун тушуна коюлса жараксыз, деп саналат", - дейт Бекматов.

Ар бир участокто экиден Автоматтык түрдө эсептөөчү урнадан болот. Бюллетенди ошого салуу зарыл.

Эгер шайлоочу урналарды адаштырып алса, анын добушу эсепке алынбайт.

Эске салсак, референдум жана мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо бир күндө, 2021-жылдын 10-январында өтөт. 19-декабрга карата, алдын ала берлиген тизмеге ылайык, 3 млн 556 миң 864 шайлоочу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/272