Чолпон-Ата шаарында BMWнын айдоочусу бир нече жасалма мамлекеттик номур менен кармалды
RU

Чолпон-Ата шаарында BMWнын айдоочусу бир нече жасалма мамлекеттик номур менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында Жол кайгуул кызматы Россиянын жасалма мамлекеттик номурлары менен BMW 735 унаасынын айдоочусун кармады. Башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда унаада башка номурлар табылган.

Айдоочу кармалып, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

Жол кайгуул кызматы жасалма мамлекеттик номурлар менен автоунаа айдагандыгы үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейин айып пул салынарын эске салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2738