Африканын түштүгүндө рекорддук суук болуп кар жаады
RU

Африканын түштүгүндө рекорддук суук болуп кар жаады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндө төмөн температура катталды. Бул тууралуу Түштүк Африка метеорологиялык кызматы Твиттерге билдирди.

24-июлга караган түнү өлкөнүн 19 аймагында эң төмөнкү температуранын тарыхый рекорддору катталды. Кимберли шаарында жана ага жакын аймактарда термометрлер минус 9,9 градуска чейин төмөндөгөн. Синоптиктердин айтымында, мындай төмөн температура метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде болгон эмес.

Йоханнесбургда абанын температурасы минус 7 градуска чейин төмөндөгөн. Мурунку суук аба ырайы бул жерде 1995-жылы 19-июлда катталып, суук минус 6,3 градуска жеткен.

Синоптиктер көп жылдардан бери биринчи жолу Түштүк Африканын ар кайсы аймактарында кар жаагандыгын, мөңгүнүн айынан көптөгөн унаа жолдору жабылгандыгын билдиришти.

Учурдагы үшүк Африканын түштүгүнө Антарктидадан келген. Суук аба ырайы Түштүк Африка Республикасында дагы бир жумага созулат деп күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2739