Москвадагы кыргыз элчилигинде мушташ чыкты. Бөлүмдүн кызматкери келген адамга кол салган
RU

Москвадагы кыргыз элчилигинде мушташ чыкты. Бөлүмдүн кызматкери келген адамга кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кол салуу окуясы Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде, Большая Ордынка көчөсүндө болгон.

РЕН ТВ каналынын маалыматына ылайык, кечээ, 24-июлда 22 жаштагы жигит досу менен элчиликке келип, ага керектүү документтерди толтурган. Бирок, ал элчиликтин вице-консулунун экинчи катчысы менен талашып-тартышкан.

Чыр-чатактын маңызы эмнеде экени айтылбады, бирок элчиликтин кызматкери келген адамды бетке урганы белгилүү. Ушул жерден мушташ башталган.

Кыргызстандын элчилиги азырынча маалыматка комментарий бере элек. Билдирүүдө полиция бул окуя боюнча териштирүү баштагандыгы белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2742