Өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү тобокелчилигин алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү
RU

Өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү тобокелчилигин алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББси маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-июль күндөрү Аламүдүн районунун аймагындагы агын сууларда, суу сактагычтарда, көлмөлөрдө жана каналдарда сууга түшүшкөн өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара Аламүдүн РИИБинин жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, ага Аламүдүн РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмү, социялдык өнүктүрүү кызматы жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү катышышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2745