ТИМдин жетекчиси Руслан Казакбаев Франция жана Германиянын элчилерин кабыл алды
RU

ТИМдин жетекчиси Руслан Казакбаев Франция жана Германиянын элчилерин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Иверсенди жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ф. Дэлаусти кабыл алды. Жолугушуу учурунда, Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселелерин талкуулады, деп ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын башчылары француз-немец маданият институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө кыргыз тарапты маалымдашты. Бул институтта тил курстарын (немец жана француз тилдери) ачуу пландаштырылып жаткандыгы, андан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлгөн. Элчилер бул институт дүйнөдө төртүнчүсү болорун белгилешип, бул германиялык жана франциялык тараптардын Кыргызстан менен маданий-гуманитардык чөйрөдө ийгиликтүү кызматташкандыгын тастыктай тургандыгын айтышты.

Министр Руслан Казакбаев бул демилге биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт деген ишенимин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2752