Кыргызстанда жаңы жылдык майрам түнү эки эгиз төрөлдү
RU

Кыргызстанда жаңы жылдык майрам түнү эки эгиз төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-декабрдын эртең мененки саат 8ден баштап, 1-январь эртең мененки саат 8ге чейин республика боюнча 375 аял көз жарып, 379 бала жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен 207си уул, 172 кыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы берген маалыматка ылайык, майрам күнү эки эгиз төрөлдү. Ысык-Көл облусунда уул менен кыз, алардын салмактары 4 600г жана 3 900г. Дагы бир эгиз кыздар Жалал-Абад облусунда төрөлүштү, алардын салмактары 3 415 г. жана 3 250г.

Бишкек боюнча бардыгы 67 төрөт болду: 35 уул, 32 кыз.

Республика боюнча биринчи көз жарган келин туура 00:00до "Самаркандек" жалпы дарыгерлер практикасы борборунда кыздуу болду. Бишкектин Адамдын репродукциясы илимий борборунда 00:05те кыз төрөлсө, Ош шаарынын перинаталдык борборунда 00:15те эркек бала жарык дүйнөгө келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/275