Асылбек Жээнбеков дагы эки айга камакта калтырылды
RU

Асылбек Жээнбеков дагы эки айга камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Соттун токтомуна ылайык, шектүү Асылбек Жээнбековго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2021-жылдын 30-сентябрь күнүнө чейин узартылды", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2766