Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду кабыл алды
RU

Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү маалымдады.

Жолугушууга Президенттин Администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышты.

Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин жана Коопсуздук Кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында жасалып жаткандыгын белгиледи.

Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын негизги милдеттери:

  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу,
  • улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо,
  • улуттук коопсуздукка байланыштуу чакырыктар менен коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларды алдын-алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү болуп эсептелет.

Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Мамлекет башчысына ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жалпысынан Борбордук Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу.

Таалатбек Масадыков болгон билими менен региондун коопсуздук маселелери боюнча көп жылдык эл аралык тажрыйбасын өз ишине максималдуу түрдө колдонууга даяр экенине басым жасады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2770