Бишкекте таштанды иштетүүчү завод салынат экен. Кийинки жылы, деп убада беришти
RU

Бишкекте таштанды иштетүүчү завод салынат экен. Кийинки жылы, деп убада беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрияда таштанды полигондун шаардын экологиясына алып келген зыяны жана кесепети тууралуу талкуулар жүруп жатат.

Бишкектин мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында 1971-жылдан бери ал жердеги таштандылар үстү-үстүно жыйыла берип, эч качан кайра иштетилген эмес.

Эске салсак, бишкектин тургундарына көп жылдан бери таштанды иштетүүчү завод курууну убада кылып жатышат. Аны ишке ашыруу максатында 2011-жылы эле Европа Бирикмеси жана Европа өнүктүрүү банкы 22 млн евро бөлүп берген (ЕӨБдун кредити - 11 млн, ЕӨДүн - гранты - 3 млн евро, ЕБнин гранты - 8 млн евро). Бирок, завод дале салына элек. Андан кийин завод эмес, таштандыны сорттоочу линиялар болот, деп айтылган, азырынча сөз бойдон турат.

Эми Кудайбергенов бизге таштанды иштетүүчү завод эле керек экен, деп жар салды.

"Таштанды сорттоочу завод биздин көйгөйдү чечпейт. Сортировкалоо ансыз деле колго жасалат экен, ал жерде шаар тургундары иштешет. Таштандынын 35%ын экинчи ирет иштетиле турган сырье катары чыгарып кетишет. Ошондуктан биз кайра иштете турган завод болсун, деген тапшырманы коюп жатабыз. Минэнерго менен келишим түзүп, Бишкек шаары алардын электр энергиясын сатып алмай болду", - деди ал.

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, алардын инвесторлору бар, жана завод эмки жылы салына баштайт.

"Учурда Европа өнүктүрүү банкына бир этаптуу ыкма менен тендерди өткөрүүгө жана тендердин сунушун иштеп чыгууга уруксат берүүсүн суранып кат жөнөттүк", - деп мэриядан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2786