Бишкектеги кафелердин биринде ГБРдин кызматкерлери жөнөкөй жаранды сабап салышкан
RU

Бишкектеги кафелердин биринде ГБРдин кызматкерлери жөнөкөй жаранды сабап салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ыкчам чара көрүү (группа быстрого реагирования) тобунун кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарларды.

2-январда таңкы саат 04:45те 102 кызматына чакыруу келип түшкөн. Анда Киев - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде адамды сабап жатышат, деп айтылган.

Кайгуул кызматкерлери шектелген эки жаранды кармашкан, алар 1990-жылы туулган К.К. жана 2000-жылы туулган Б.Т.

ГБРдин кызматкерлери Биринчи май районунун РИИБсине жеткирилип, бул факт кылмыштарды каттоочу бирдиктүү реестрге киргизилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/280