Качпаптыр. Иса Өмүркулов чет өлкөдөн бооруна операция жасатты
RU

Качпаптыр. Иса Өмүркулов чет өлкөдөн бооруна операция жасатты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Иса Өмүркулов чет өлкөгө барып бооруна операция жасатты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы парламенттен билди.

"Депутат чынында операция жасатканы кеткен. Көпчүлүк айтып жаткандай качып кеткен жок. Анын боору трансплантацияланат, анткени өзүнүн боору кургап баштаган. Көпкө чейин донор издеди. Мурда болгондор белгилүү бир параметрлер боюнча ылайык келбей жатты", - деп анын кесиптеши айтып берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча Иса Өмүркулов Түркияга дарыланганы кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2814