Call-борбор: Селекционный айылында жума сайын электр жарыгы өчүрүлөт
RU

Call-борбор: Селекционный айылында жума сайын электр жарыгы өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты сall-борборго окурман жөнөттү.

"Саламатсызбы, сиздерге Селекция айыл өкмөтүнүн жашоочулары кайрылып жатабыз. Биз кандай кылышты, кимге кайрылышты билбей жатабыз.

Сокулук РЭСи мына үч айдан бери бир жумада эки жолу свет өчүрүшөт. Чалсак, ремонт дегенден башканы айтышпайт. Ушундай ысыкта, кымбатчылыкта балдарыбызга алган сут жана башка азыктарыбыз бузулуп кетип жатат. Кышында эмне болот? Же кайра тезек тере турган кезге келдикпи?

Сокулук районунун башка айылдарында да ушул эле көрүнүш, мисалы Күн-Туу айылында төртүнчү күндөрү жарыкты өчүрүшөт экен", - деп окурман айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2828