Кара-Суу районунда жергиликтүү калкты үймө-үй кыдырып, коркутушкан
RU

Кара-Суу районунда жергиликтүү калкты үймө-үй кыдырып, коркутушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-январда Боршайкомдун оперативдүү иш алып баруучу координациялык топко WhatsApp аркылуу "Общее дело" коомдук фондунан Кара-Суу районунда шайлоого байланыштуу физикалык чара көрүү тууралуу коркутуу келип түшкөн.

Коомдук фонддун маалыматына ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Киров айылында спорттук дене түзүлүштөгү эркектер үймө-үй кыдырып, эгер президенттикке талапкер Садыр Жапаров жетиштүү добуш топтоп, шайлоодон утуп чыкпаса, аларга физикалык чара көрүлө тургандыгын айтып коркутушкан.

Координациялык топ бул маалыматты ИИМге, Генералдык прокуратурага жана жергиликтүү Кара-Суу шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөттү.

Эске салсак, 10-январда мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүлөт. Ага 17 кандитат талапкерлигин койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/283