Каракол суусу кирип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү. Суу бир аз тартылды
RU

Каракол суусу кирип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү. Суу бир аз тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы Каракол суусу кире баштагандыктан, жакын жайгашкан 27 үйдүн тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы маалымат боюнча Каракол суусунун деңгээли ылдыйлап, нөөмөт алынган.

Маалыматка ылайык, кирген Каракол суусу жээгиндеги бир канча бак-даракты тамыры менен агызып кеткен жана бир көпүрө авариялык абалга кептелген.

Ошондой эле Караколдо жайгашкан "Ривер-парк" эс алуучу жайын суу каптап жатканы айтылат.

Мындай маалыматты Азаттык Үналгысы жарыялаган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2847