Чек арачылар контрабандалык жол менен мандариндерди алып келген унааны кармашты
RU

Чек арачылар контрабандалык жол менен мандариндерди алып келген унааны кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 03-январында Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүк алып өтүү аракетине бөгөт койгон. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү кабарлады.

Белгилүү болгондой, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргыз Республикасынын аймагында тажик номериндеги Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын табышкан.

Автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү чек ара кызматчысынын унаадан чык, деген талабынан баш тартышып, каршылык көрсөтүшүп, Тажикистандын аймагына качып кирүү аракетин көрүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларды кармашкан.

Алардын өздүгүн тактоо учурунда 1986-жылы туулган Ш.Д., жана 1990-жылы туулган Ч. Ш., аттуу Тажикистандын жарандары экендиги аныкталган.

Чек арачылар автоунааны текшерүү учурунда, алардын эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандаринди алып баратышканын аныкташкан. Контрабандалык жүктүн болжолдуу баасы 300 000 сом.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана контрабандалык жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү орган өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди, деп Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү прес-релизге жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/284