Аттиң! Айпери Медет кызы Олимпиадада коло үчүн күрөштө утулуп калды
RU

Аттиң! Айпери Медет кызы Олимпиадада коло үчүн күрөштө утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айпери Медет кызы кыз -келиндер күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын (Япония) коло медалы үчүн күрөштө утулуп калды.

Балбан кызыбыз түркиялык Ясемин Адарга каршы килемге чыкты. Бул күрөштө адегенде Медет кизи эки упайга ээ болгон, бирок андан кийин түркиялык спортчу далысын килемге басып (туше), бул таза жеңишти билдирет.

Ошентип, Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында бешинчи орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, дагы бир балбаныбыз Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жубатуучу беттешке чыгат. Эгер ал жеңсе, анда коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алат. Анын атаандашы азербайжандык Элис Манолова болмокчу.

Ошондой эле грек-рим күрөшүндө Узур Жузупбеков (97 кг чейин) репехаид беттешинде күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын атаандашы финляндиялык Арви Саволайнен болмокчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2869