Бишкек шаарында, акыркы жумада 60тан ашык мас айдоочу кармалды
RU

Бишкек шаарында, акыркы жумада 60тан ашык мас айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 25-декабрдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил аралыкта милициянын кайгуул кызматы 5 350 жол эрежелерин бузуу фактысын аныктаган. Бул тууралуу ШИИБ басма-сөз кызматы билдирди.

Алар берген маалыматка ылайык, 67 айдоочу мас абалында машине айдап бараткан жеринен кармалган, 24 айдоочу тонировка жасаткандыгы үчүн, ал эми 91 айдоочуда айдоочу күбөлүгү жок болчу. Мындан башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн дагы 5 168 айдоочу токтотулган.

Натыйжасында убактылуу токтотуучу жайга 376 унаа жеткирилген.

Кайгуул кызматынын кызматкерлери жарандардан жеке коопсуздук үчүн жол эрежелерин сактоону суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/286