Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы алгачкы беттешин жеңип алды
RU

Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы алгачкы беттешин жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова алгачкы күрөшүн жеңип, Токио (Япония) Олимпиадасында чейрек финалга чыкты.

Аялдар күрөшү боюнча 62 кг салмакта Тыныбекова 1/8 финалдык баскычта Европа оюндарынын чемпиону латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашты.

Тыныбекова атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Кийинки атаандашы румыниялык Криста Тунде Инче болмокчу.

Бүгүн ал экинчи беттешин да өткөрөт. Ал Бишкек убактысы боюнча 11: 00гө чейин болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2870