UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди
RU

UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-августта UFCнин экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди.

Eagle Fighting Championship (EFC) Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн айтымында, EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү аны эл аралык "Манас" аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга анын командасына кирген Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедов менен келген.

Чолпон-Атада Хабиб Нурмагомедов 3-августта Чолпон-Ата ипподромунда (Ысык-Көл облусу) өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2873