Камчыбек Ташиевдин уулун Ла Лига испан футбол клубуна кароодон өтүүгө чакырышты
RU

Камчыбек Ташиевдин уулун Ла Лига испан футбол клубуна кароодон өтүүгө чакырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин 15 жашар уулу Эмир-Хан Кыдыршаевди испандык Ла Лиганын "Леванте" футбол клубуна кароодон өтүүгө чакырышты. Бул тууралуу футболчунун атасы өзү Facebook баракчасына жазды.

УКМКнын жетекчиси белгилегендей, анын кичүү уулу Эмир-Хан италиялык Паоло Россинин футбол академиясында окуп келген. Андан кийин жарым жыл "Перуджа" клубунда ойногон. Бул клуб Италиянын футбол лигасындагы абройу боюнча үчүнчү орунда турат.

"Мына эми "Леванте" футбол клубуна чакырык алды. Биринчи ирет менсиз чет өлкөгө жөнөйт. Уулум, сага жалаң жакшылыктарды каалайм, Ла Лигада ойногон биринчи кыргыз футболчусу боло турганыңа ишенем", - деп Ташиев жазган.

Белгилей кетсек, "Леванте" ФКсы Испаниянын футбол лигасында жогорку дивизиондо ойнойт. Учурда 20 клубдун ичинен 13-орунда турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/287