Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Эртең алтын үчүн таймашат!
RU

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Эртең алтын үчүн таймашат!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Биздин спортчу кыз 62 килограммга чейинки салмакта кыз -келиндер күрөшүндө күч сынашат. Ал биринчи жеңишин латвиялык Анастасия Григорьеванын үстүнөн алган. Экинчисинде румыниялык Криста Тунде Инчени жеңген. Тыныбекова жеңишке мөөнөтүнөн мурда жетишкен, адегенде 6:0 эсебинде алдыда келе жаткан, андан кийин атаандашынын далысын килемге баскан(туше), бул таза жеңишти билдирет.

Бүгүн, 3 -августта финалга чыгуу үчүн украиналык Ирина Коляденко анын атаандашы болуп калды. Алгач Тыныбекова эки упайга ээ болгон. Бир аздан кийин эсеп 4:0 болуп калды. Анан 10 упай менен мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Күрөштүн жүрүшүндө Украиналыкка мүмкүнчүлүк болгон жок. Биздин Айсулуу ишенимдүү түрдө үстөмдүк кылды.

Эртең Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт. Биз анын ийгиликке жетерине ишенебиз!

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында баардыгы беттешти көрө турган экран орнотулган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да ошол жерден байкалган. Көрүүчүлөр спортчуну колдоп, "Алга, Кыргызстан!" жана "Айсулуу!" деп сүрөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2882