Бекешев: референдум боюнча ишмердүүлүгүм айрым кесиптештеримдин жек көрүүсүн жаратты
RU

Бекешев: референдум боюнча ишмердүүлүгүм айрым кесиптештеримдин жек көрүүсүн жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев анын референдум боюнча позициясы айрым кесиптештеринин жек көрүүсүн жаратканын айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Бекешевдин айтымында, анын достору "жабык" эшикти каккылап убакыт коротуунун зарылчылыгы жок, деп эсептешет, анткени эл бары бир президенттик башкаруу формасын тандайт.

Парламентарий билдиргендей, ал деле кесиптештерине окшоп, каршылык көрсөтүп отурбай, айткан нерсеге көнүп, унчукпай отура берсе болот болчу.

"Ашып кетсе "депутаттардын бардыгы тил алчаак чимкириктер" деп жазышат. Мен ушинтсем, жеке өзүм үчүн көбүрөөк плюс алмакмын, балким, президенттик шайлоого чейин кандайдыр бир кызматка да илинмекмин. Убакыт өтүп эл деле унутуп калмак, а мен жаңы кызматымда жөн отурбай, өзүмдү жакшы жагыман көрсөтмөкмүн. Виртуалдык колдоо, кол чауубларды алып эле отуруп калмакмын. "Мекенчил" да мени байкап, жакшы тизмеге киригизип коймок", - деп жазды депутат.

Бирок Бекешев, башка жолду тандаганын айтат: унчукпай тура турчу, деп суранышканына карабастан референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорго каршы чыккан. Парламенттик форма үчүн үгүт тобун түзүп, учурдагы "маселе чечкичтердин" көптөгөн долбоорлоруна макул эместигин көрсөттү. Натыйжасында, фейктер ага каршы чара көрүп, достору муну "ашыкча убара тартуу" деп айтып жатышат. Саясий карьерада белгисиздик жаралып, айрым кесиптештердин жек көрүүсү пайда болсо башкалары анын парламенттен кетип калуусун тилешет. Плюс катары - алсыз виртуалдык колдоону атаса болот.

Анын сөзү боюнча, бул жолду тандоого абийири түртүп жатат.

"Абийирим, биз бул жерде убактылуу эле жүрөбүз, ар бирибиздин башыбызда өлүм турат, деп ар дайым какшайт. Адам өзү үчүн пайда алып келген нерсени гана жасай бергени болбойт, жалпы ишке да салым кошконго аракет кылуу керек. Мен азыркы маселе чечүүчүлөр же алардын тарапташтары уяты жоктор деп айткым келбейт. Канткен күндө да ар бирибиздин баскан жолубуз соңуна чыгат, ошондо ар кимибиз жасаган ишибиз үчүн жооп беребиз.

Менин пикирим боюнча, туура кылып жатам. Ошондуктан макул болгон жокмун, жан дүйнөмө төп келбей турган иштерге урушам, каршылык көрсөтөм. Билимим азыркы маселе чечүүчүлөр өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туура эмес жол тандап алганын айтып турат. Мен мамлекетибиздин артта калган, жакыр, өлкөгө айланып жатканына, жарандар жакшы жашоо издеп Кыргызстандан кетип атканына сырттан карап турган байкоочу болгум келбейт. Ушул кызматта отурган соң, каршылык көрсөтөм, көпчүлүгү колдобосо дагы. Көпчүлүк ар дайым эле туура жолду тандап алат деген ой да жаңылыш экенин жакшы билем", - деп баса белгиледи депутат.

10-январда көпчүлүк туура эмес тандоо кылышы мүмкүн, бирок жарандар андан аркы боло турган окуялар үчун өздөрүн жемелебеши керек. Референдумдан кийин боло турган окуялар үчүн "маселе чечкичтер балким алардын балдары" жоопкерчилик тартышат, деп божомолдоду Бекешев.

Ошого карабастан, бардыгыңарды туура тандоо жасоого чакырам. Абийириңер айтып турган тандоону жасагыла. Социалдык түйүндөр, телевидение, башка адамдар айтып бергенди эмес. Айрымдар "эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, а кээ бирлери кедей" деген китепти окугандан кийин да маңызын түшүнбөйт экен. Баса, ушул китепти окууну сунуштайм. Кимдир бирөө бул китепти окуп чыккандан кийин эч нерсе көргөн жок, бардыгын тетири жасап, өлкөнү мындан да терең аңга түртүп жатат",- деп Бекешев элге кайрылды.

Эске салсак, 21-декабрда БШК парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүт тобун каттоого алган. Анын лидери Дастан Бекешев. 2021-жылдын 10-январында боло турган шайлоо учурунда Кыргызстанды башкаруу формасын тандоо сунушталат:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

Андан тышкары ошол эле күнү мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо да өтөт. Учурда 17 жаран президенттике талапкерлигин койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/290