Балбак Түлөбаев: Чынын айтайын, Бишкети басып турган смогду жок кыла албайм
RU

Балбак Түлөбаев: Чынын айтайын, Бишкети басып турган смогду жок кыла албайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чынын айтайын, Бишкекти учурда каптап турган смогду жок кыла албайм, деп Бишкектин мэринин м.а. Балбай Түлөбаев айтты.

Анын пикири боюнча борбор шаардагы смогго каршы күрөш комплекстүү жүрүүгө тийиш, биринчи кезекте ТЭЦти газга өткөрүп, жаңы конуштарда кара-кече көмүрү менен үйлөрдү жагууга тыюу салыш керек.

"Андан башка жолун көрбөй турам. Азыркы учурда смогду кантип жок кылмак элем? ТЭЦти токтотолу, жаңы конуштарга кара-кече көмүрүн жагууга тыюу салалы, бирок жарандар көмүр сатып алып коюшкан да. Башка жолдору да бар. Этап-этабы менен катализатору бар унааларга айып салса болот (кеп катализатору жок унаалар жөнүндө болуп жатат, б.а. машинеден чыккан түтүндү тазалоочу фильтр, - эск. Kaktus.kg). Ал эми азыр смогду кантип токтотом?", - деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Балбак Түлөбаев, Бишкектин ТЭЦин көмүр эмес, газга өткөрүүнүн жолун таап, кара-кече көмүрүнө тыюу салуу боюнча өкмөткө кайрылыш керек экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/291