Кыргызстан эмгек сиңирген артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты. Ал 84 жашта болчу
RU

Кыргызстан эмгек сиңирген артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты. Ал 84 жашта болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8 август, 84 жашында Кыргызстандын эл сиңирген артисти Искра Раимкулова дүйнөдөн кайтты.

Раимкулова Искра Раимкуловна Ат Башыда, атасы Раимкулов Байгазинов Нарын облусунда кызмат өтүп жүргөн убакытта 1937-жылы жарык дүйнөгө келген. Балалык чагын ата-энесинин кичи мекени Кеминде өткөргөн. Жашоосунун көпчүлүк убакытын биринчи Фрунзеде, андан кийин Бишкекте жашаган.

Актриса болуп көп ролдорду ойногон, бирок көрүүчүлөр Искраны Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" аттуу спектаклинде Жеңишбектин жана режиссер Балташ Каиповдун "Алымкан" фильминде Алымкандын ролу менен эстейт.

Жеңишбектин ролун театрда башка ролдор менен бирге 30 жыл бою ойноп келген. Ошондой ле бул ролду эстеп, биринчи баласына Жеңишбек деген ат берген. Искра Раимкулова 50 жылдан ашык Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келген.

"Жаш кезимде өтө назик кыз болумун. Джульета сыяктуу ролдор жөнүндө кыялданчумун. А мага жаш баланын ролун сунушташты. Кандай өкүнүчтө болгонумду элестеткиле! Бирок кийин бул рол мага ушунчалык жакын болуп калды. Мен аны канча ойносом да, чарчабайт элем. Мен травести актриса болгонума сыймыктанам. Ошондой эле искусство мени кандай адамдар менен жакын кылганына сүйүнөм. Бирөөлөрүн жанында рухум күчтүү болуп, адам катары өсөт элем, экинчилери саткын болуп, мени күчтүү кылышкан. Турмуш берген сабактардын баары пайдалуу", - деген ал бир интервьюда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2936