Төө-Ашууда жүгү бар фура толугу менен өрттөнүп кетти (видео)
RU

Төө-Ашууда жүгү бар фура толугу менен өрттөнүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-январда, түндө Төө-Ашуу ашуусунда жүгү бар фура толугу менен өртөнүп кетти. Бул тууралуу көргөн күбөлөр билдиришти.

ИИМдин ЖКККББси Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, бүгүн, болжол менен саат 01:47де, Бишкек - Ош трассасынын 122-м километринде жүк ташуучу унаа өрттөнгөн. Ал өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жүгү менен кошо толугу менен өрттөнгөн.

Белгилүү болгондой фуранын ичинде автомобилдик шиналар бар болчу. Унаа Ош облусын көздөй бараткан.

Азырынча өрттүн эмне себептен чыкканы белгисиз. Экпертиза дайындалып, себептери такталууда, деп билдирди ЖКККББ.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматы боюнча, жабыркаган адамдар тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/293