Дастан Бекешев Кыргызстанда эмне үчүн митинг болушу мүмкүн экендигин айтты
RU

Дастан Бекешев Кыргызстанда эмне үчүн митинг болушу мүмкүн экендигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин эл эмне үчүн кайрадан митингге чыгуу мүмкүнчүлүгүн божомолдоду.

Анын айтымында, шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол коюла элек, бирок кандидаттар азыртан биригүүлөр жөнүндө сүйлөшүүлөрдү алып барып жатышат.

Пикир алмашуу убагында шайлоодон кийин 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар кайталанып кетпейби деген сөздөр чыгууда.

"Кээ бирөөлөр бийиликке каршы чыккан пикирлер көп, эл чыгат деп айтып жатышат. Мен болсо бензин жана башка товарлар кымбаттаганына карабастан, сентябрь-октябрь айларында эл чыгып, бийиликти сүргүдөй болбойт деп ойлойм. Эмнеге? Сентябрь октябрь айларында шайлоо башталат. Кандидаттар өзүн жылдырганы аракет кылышат, элдин көбү шайлоо процессинде жумуш алып барат, себеби бул акча табуу мүмкүнчүлүгү. Элдин колу шайлоодон бошобойт", - деди ал өз Telegram-каналында.

Шайлоодон кийинки убакыт жөнүндө айта кетсек. Эгерде шайлоо 14 же 28 ноябрда өтө турган болсо, бул кеч күз, суук. Кыш десе деле болот. Бизде абал күздө жана жазда курчуйт, ошондуктан шайлоо өтөт деп ойлойм. Бирок ар дайым күтүлбөгөн кырдаал бар. Эгер бийлик шайлоочуларга адилетсиздүүлүк көрсөтсө, же эл ачка отурганда, скутерлер менен дем алып жүргөн болсо, албетте түрдүү окуялар болуп кетиши мүмкүн.

Бул жагдайда, депутат Аалы Карашев партиялардын парламентке өтүү босогосун 3%дан 5%га чейин көтөргөнү маселе чыгарышы мүмкүн, дейт Бекешев.

"5% босогодон өтүү үчүн партиялар 80 миңден ашуун добуш алуусу зарыл. Эгерде партия, мисалы, 72,65,68 миң добуш топтосо, ал өтпөй калат. Мындай партиялар көп болуп, парламентке 2-3 партия гана өтүп калса, каршы чыккандар көбөйөт.

Бирок бул кышында эмес, жаз убагына өтүп кетет. Андын тышкары, электроэнергияга тарифтерди чоңойтпойбуз деп, эч ким убада берген эмес. Чоңойтуулар сөзсүз болот. Ошондо жараандар баарын сезет. Баары болуп кетиши мүмкүн", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2941