Транспорт жана коммуникация министри дайындалды
RU

Транспорт жана коммуникация министри дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Эркинбек Осоев Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды.

Бүгүн, 10 -августта Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.

Буга чейин Осоев Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунда жол инженери болуп иштеген, министрликтин кыргыз-япон кызматташтыгынын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси болгон. 2016 -жылдын апрелинде транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2967