Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык фестиваль өтүп жатат
RU

Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык фестиваль өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, Бишкектеги И.Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кышкы эс алуу учурунда окуучулар үчүн "Мемориалдык музейлерге саякат" фестивалынын ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэиясы кабарлады.

Келгендерге коомдук жана саясий ишмер И.Раззаковдун, СССРдин Эл артисти С.Чуйковдун, СССРдин Эл скульптору О.Мануилованын, СССРдин Эл артисти, киноактер С.Чокморовдун жашоосу жөнүндө экскурсиялар уюштурулду.

Берилген маалыматка ылайык, фестиваль бүгүн жана эртең ушул экскурсия жана мастер-класстардын программасы менен өткөрүлөт. Экскурсиялар өз убагында биринин артынан бири өтүп, бир күндүн ичинде бардык иш-чараларга барса болот.

Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн ырааттуу маршрут иштелип чыккан. Фестивалдын программасы жана маршруту жөнүндө кененирээк бул жерден таба аласыз: meria.kg

4-январдан тартып "Жаштык" жаштар борборунда, "Диалог" маданият үйүндө балдар жана өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Программа бул жерде: meria.kg

Санитардык эрежелерди унутпаңыз. Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазалап, аралыкты сактаңыз, деп Бишкек шаарынын мэриясы эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/297