Жумуш издеп жүргөн жарандарды иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертишти
RU

Жумуш издеп жүргөн жарандарды иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жумуш издеп жүргөн жарандар иш издеп жаткан болсо кандайча каттоого турса болот экенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эскертти.

Белгилүү болгондой жумушсуз жаран ал үчүн жашаган жерине караштуу Эмгек министрлигинин аймактык органына кайрылышы керек.

Кандай документтер керек?

1) паспорт

2) эмгек китепчеси же анын дубликаты

3) кесиптик квалификациясын тастыктаган документ

Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

Эгерде аймактык органдар каттоодон өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде жарандарды ылайыктуу жумуш менен камсыз кыла албаса, жарандар расмий түрдө жумушсуз деп эсептелет.

Бош орундар жана жумушка орноштуруу жаатында көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматты кайдан алса болот?

Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле zanyatost.kg сайтына кирип онлайн режимде алууга болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн байланыштарын (даректери, телефондору жана электрондук почталары) да ушул сайттан таба аласыз.

Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан "Бош орундар жарманкеси" үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик колдоонун кепилдиктери:

Жумушка орношуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына кепилдик берилет:

• иштин тармагын, кесибин (адистигин), иштин түрүн жана өзгөчөлүгүн тандоо эркиндиги;

• Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн арачылыгы аркылуу ылайыктуу жумушту тандоого жана жумушка орношууга көмөктөшүү;

• Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн багыты боюнча кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча акысыз кызматтарды алуу;

• Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жолдомосу боюнча кесиптик даярдануу, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо мезгилинде стипендия алуу;

• бизнес маселелери боюнча кеңеш алуу;

• акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын программаларына катышуу жана иш жүзүндө аткарган иши үчүн акы төлөө кепилдиги;

• Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кайрылуусуна чейин акыркы 3 жыл ичинде 12 айдан кем эмес камсыздандыруу тажрыйбасы болгондо, расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө.

Жарандарды кесиптик окутууга жолдомо берүү төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

2) жумушсуздар жана жумуш издеп жаткан жарандар тарабынан зарыл болгон кесиптик квалификацияны алуу;

3) иштин жоктугунан квалификациянын өзгөрүшү.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - бул кошумча окутууну талап кылбаган жумуштун жалпы түрлөрү. Алар коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууда, мисалы: мектептерди, бала бакчаларды оңдоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, оңдоо, калкты каттоо, суу, газ, канализация жана башка коммуникацияларды калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарба ирригациясы жана башка эмгек ишмердүүлүгү менен аймактарды оңдоо болуп эсептелет.

Жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүндө 6 айдан ашык каттоодо турган расмий жумушсуз адамдар, алардын карамагында 16 жашка чейинки үчтөн ашык баласы бар болсо, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/298