Жапаров референдумга каршы маршынын катышуучуларын эл менен эсептешкенди үйрөтөт экен
RU

Жапаров референдумга каршы маршынын катышуучуларын эл менен эсептешкенди үйрөтөт экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров референдумга каршы маршынын катышуучуларын эл менен эсептешкенди үйрөтүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook'тагы аккаунтуна жазган.

Эске сала кетсек, тынчтык маршынын катышуучулары ар жекшемби сайын өзүнүн жарандык позициясын билдирип - мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумга жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, дегеле өлкө ичиндеги мыйзамсыздыкка каршы чыгып жатышат. Акцияга жарандык активисттер, атактуу ырчылар, алып баруучулар, саясатчылар, анын ичинде президенттикке талапкерлер да катышууда.

Жапаровдун билдирүүсүндө белгиленгендей, бардыгы референдум эл үчүн керек экенин түшүнүшү керек. Эл биздин мамлекеттеги башкаруу формасы парламенттик же президенттик болобу, так аныктап алууга тийиш.

Биринчи орунга элдин кызыкчылыгын коюу зарыл. Ар дайым ушундай болуш керек. Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнүшүбүз керек, ал эми кимдир бирөө аны каалабаса, биз үйрөтөбүз", - деп Жапаров жазган.

Ал белгилегендей, бул адамдар 30 жылдан бери эл алдындагы милдетин унутуп коюп уурдап келишкен, буга далил "референдумга каршы" имиш митингдердин уюштурулушу.

Бирок, тынчтык маршынын уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүн өзүнүн Facebook'тагы аккаунту аркылуу, 30 чыга элек экенин ушул айда 27ге чыга турганын жазып, жооп кайтарган. "Мен үчүн 3 жыл ашыкча ким жегенин Ташиев байке менен табышып коесузбу? А сиз менен бирге 30 жыл өлкөнүн ырыскысын жегендерди мыйзам алдында жоопко тартабыз", - деп тамаша ирээтинде жазып, "ананыраак "официалдуу" жооп берем" деп кошумчалаган.

Белгилей кетчү жагдай, тынчтык маршынын катышуучуларынын арасында качандыр бир убакта бийликте отургандардан эч ким жок, демек аларда элден уурдоого теоретикалык мүмкүнчүлүгү да болгон эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/299