Оюн аянтчасында кызга калькулятор ыргыткан киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Оюн аянтчасында кызга калькулятор ыргыткан киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оюн аянтчасында кызга калькулятор ыргыткан эркек кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Эсиңиздерге сала кетсек, ал администратор кыз менен аны кыргызча гана сүйлөшүүнү талап кылып, урган. Иш резонанстуу болуп калды. Бул окуяга орус саясатчылары реакция кылышты.

Кол салуу фактысы Октябрь РИИБнин каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Соттук -медициналык экспертиза дайындалды.

Кечээ, 12 -августта тергөө кызматына шектүү 1992 -жылы туулган А.А., Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын тандайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3004