Мамлекеттик каттоо кызматы майрам жана дем алыш күндөрү кечке чейин иштейт
RU

Мамлекеттик каттоо кызматы майрам жана дем алыш күндөрү кечке чейин иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майрам жана дем алыш күндөрү кечке чейин иштейбиз, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү майрам жана дем алыш күндөрү жарандарга ID-карталарын берүү үчүн саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин иштешет.

Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тарбине жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 2021-жылдын 7-январынан 10-январына чейин саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат.

ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана "Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.

Эске салсак, буга чейин КР Өкмөтүнүн өндүрүш календарына ылайык, 7 жана 8-январь жумуш эмес, 9 жана 10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/301