"Титаниктегидей эле болуп жатат". Учурда Кабулдун аэропортундагы кырдаал (видео)
RU

"Титаниктегидей эле болуп жатат". Учурда Кабулдун аэропортундагы кырдаал (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын тургундары жана меймандары акыркы эвакуациялык авиарейстер менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүп жатышат. Аэропортто болуп жаткан көрүнүш менен социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүштү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, миңдеген кишилер өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөп, аэропортко түнөшкөн. Бардыгы самолетко отурууга тытынып, ызы-чуу салууда.

Видеолордун биринде трапка туш-тараптан жармашып, учактын бортуна кирүүгө жанталашып жаткан адамдарды көрсө болот. Видеону тарткан киши бул көрүнүштү "Титаник" киносундагы кадрларга окшоштурду.

"Титаник эсиме түштү. Бул кишилер жөн гана өлкөдөн чыгып кетип баш паанек алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып жатышат. А бирок, жергиликтүү маалымат каражаттары шаар ичи тынч, Кабулда абал туруктуу деп билдиришкен", - деп интернет колдонуучулардын бири жазган.

Дагы бир жаран, Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропорттогу топ эл автоматтын атылып жаткан үнүнүн коштоосунда терминалга чуркап баратышат, деп жазып, видеосун чыгарган.

Эске салсак, "Талиб" боевиктери Афганистандын шаарларын биринин аракасынан экинчисин басып алышты. Ал эми 15-августта, өлкөнү толугу менен карамагына алганын жар салышкан. Өлкө башчысы, президент Ашраф Ганди отставкага кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3020