20 жылдан кийин Афганистандагы бийликти кайтарган "Талибан" кыймылынын кыскача тарыхы.
RU

20 жылдан кийин Афганистандагы бийликти кайтарган "Талибан" кыймылынын кыскача тарыхы.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибан" ислам кыймылы учурда бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турган чак. 15-августтун башкы жаңылыгы, алардын Афганистандагы бийликти толугу менен өз колуна алганы болду.

Президент Ашраф Гани ыйгарым укуктарынан баш тартып, өлкөдөн чыгып кетти. Кабул шаарынын аэропортунда Афганистандан чыгып кетүүнү каалагандардын көптүгүнөн элдер бирин-бири тепселеп, учактын дөңгөлөгүнө учкашууга аракет кылгандар арбын.

Kaktus.kg Афганистандагы кырдаал боюнча негизги маалыматты чогултту.

"Талибан" кыймылы деген эмне?

"Талибан" - бул 1994-жылы афгандык пуштундардын арасында пайда болгон ислам кыймылы. Алар 1996-жылдан 2001-жылга чейин Афганистанды (Афганистан ислам эмираттыгы) башкарып келишкен.

2003-жылы БУУнун коопсуздук кеңешмеси "Талибан" кыймылын террористик уюм деп тапкан.

"Талибан" кыймылы менен күрөшүү 2011-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террактан кийин башталган.

Батыштын өлкөлөрү аларга каршы күрөшүп жатпады беле?

Ооба, чынында ошондой болгон. АКШ менен батыштын бир катар өлкөлөрү "Талибанга" каршы күрөшүү операциясын баштап, бирок 20 жылда алгылыктуу натыйжага жетишкен эмес. Анан, 2021-жылдын апрель айында, 2021-жылдын 11-сентябряна чейин бардык шериктеш аскерлерди чыгаруу чечими кабыл алынган.

Афган аскери жаралып жаткан коркунучтар менен өз алдынча күрөшүшү керек эле. Натыйжасында, барыбыз көрүп тургандай көрүнүш болуп отурат, бийликтин колунан эч нерсе келген жок. Бирок, мындан бир аз мурдараак АКШнин президенти Джо Байден афган аскери "Талибан" кыймылынан алда канча күчтүрөөк деп билдирген болчу.

Анан эмне болду?

Афганистандын аймагын басып алуу аракеттери ушул жайдын башынан бери жүруп келаткан. Учурда өлкөнүн бардык шаарлары, жана мамлекетти башкаруу "Талибан" кыймылынын колуна өттү.

"Талибдер" Кабулдагы президенттин сарайын ээлеп алып, Афганистандын борбор шаары алардын башкаруусуна өткөнүн жар салышты. Кыймылдын мүчөлөрү жакында Афганистан ислам эмираттыгын түзө турганын жарыялайбыз деп билдиришти. Афганистан 1996-жылдан 2001-жылга чейин да талибдердин бийлиги алдында болуп, ушинтип аталчу.

Азыр "Талибан" кыймылына эмне керек?

Афганистандык саясатчылар көп ирет талибдерге өз алдынча мыйзамдуу түрдө партия түзүп, расмий түрдө шайлоого катышып, тынчтык жолу менен бийликке келүүнү сунушташкан. Талибан мындай сунушка эч кандай жооп кайтарчу эмес.

Ошол эле учурда кыймылдын өкүлдөрү ички өзгөрүүлөр жүрүп, учурда кызматташууга даяр экенин билдиришти. Андан тышкары, акыркы кезде "Талибан" кыймылы кеңири PR-акция жүргүзүп, айрым өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганын жар салышты. Маселен Доха шаарында саясий кеңсеси бар. Исламисттердин элчилери Москва жана Тегеран шаарларына иш сапар менен барып келишкен.

Кыймылдын лидерлеринин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө тынчтык орнойт, эгер: "Талибандын" 7 миң камакта отурган тарапташтары бошотулса, жана кыймыл БУУнун кара тизмесинен чыгарылса.

Афганистандын президенти эмне кылып жүрөт?

Бул боюнча так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча, ал Өзбекстанга учуп кеткен, башка маалымат булактар аны Оманда деп айтып жатышат. Ашраф Гани Facebook'ка төмөнкү билдирүү жасаган:

"Бүгүн мен өтө оор тандоого туш болдум. Мен сарайга кирүүгө ашыккан куралчан талибдердин каршысында бетме-бет турушум керек эле. Бирок мен бүт өмүрүмдү арнаган мекенимди таштап кеттим. Эгер мен бул кадамга барбасам, сансыз мекендештерибиз Кабулдун талкаланышына күбө болмок. 6 миллион калк жашаган мындай чоң шаарда өтө чоң каргаша орун алмак. Талибдер Кабулду алуу үчүн мага чейин жетип келишти. Мен кан төгүлбөш үчүн кызматымды тапшырууну жана өлкөнү таштап чыгып кетүүнү туура көрдүм", - деп айтылат билдирүүдө.

Экс-президент ошондой эле талибдер аны бийликтен кулатуу үчүн Кабулду бомбалоого даяр экендигин ачык эле билдиришкенин кошумчалады.

"Талибдерди жаңы тарыхый сыноо күтүп турат". Алар элдин жүрөгүн багындыра алышкан жок. Ал эми сөздүн күчүнө таянган бийлик тарыхта эч качан таанылган эмес жана таанылбайт дагы", - деп баса белгилеген Ашраф Гани.

Эл аралык коомчулук эмне дейт?

Россиянын ТИМи Доха шаарында "Талибан" саясий кенсесинин жетекчиси Абдула Гани Барадар менен жолугушуу ниети бар.

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Афганистандагы кырдаал өтө оор экенин айтып, улам күчөп бара жатканын билдирди. Джансон, айрым өлкөлөр мөөнөтүнөн эрте талибдерди Афганистандын жаңы бийлиги катары таануусун каалабай турганын баса белгиледи.

АКШнин президенти Джо Байден өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен дыйын өткөргөнү белгилүү. Бирок Ак үйдөн расмий билдирүү бериле элек.

Орто Азия мамлекеттеринин кандай тиешеси бар?

Афганистан Тажикстан жана Түрмөнстан мамлекеттери менен чектешет. Чек арада салгылашуу жүрүп жатат. Алар өтө олуттуу болгондуктан Түркмөнстан тараптан жоготуулар бар, ал эми Тажикстан ЖККУдан колдоо көрсөтүүнү суранууда.

Ок атышуунун айынан Памирдеги этникалык кыргыздар афган-тажик чек арасынан өтүп баш паанек издешкен. Бирок аларды кайра жашаган жерине кайтарышкан.

Тажикстандын абалы кооптуу. Россия Тажикстандын Афганистан менен чектеш аймактарга чек ара заставаларын куруу үчүн $ 1 млн бөлүп берет.

Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет?

Түздөн-түз эч кандай таасирин деле тийгизбейт. Бирок Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Афганистандагы кырдаалды талкуулап, мүмкүн боло турган коркунучтар тууралуу сөз кылды.

Коопсуздук кеңешине Афганистан боюнча адис - Таалатбек Масадыков да кирген.

Бул маселе ЖККУда да кеңири талкууланууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирүу жасап, Кырызстанга "Талибан" менен байланыштыгы бар террористик уюмдар кириши мүмкүн экендигин айтты.

Согушкерлердин бардыгы Афганистандын түндүк райондоруна чогулган. Алар лагерь түзүп, адамдарды үйрөтүп, жаңыларын тартып, катарынын санын көбөйтүп жатышат. Ушул күчтүн бардыгы бизге да кирип келиши мүмкүн. Биз үчун эң негизги коркунуч бул - талибдердин жанында жүргөн террористтик уюмдар.

Алар менен тил табышып, бир нерсени сүйлөшүү мүмкүн эмес. Аларга каршы күч колдонуп, курал менен гана чыгууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3028